Значение [kk]
пайда болды — көрінді; әдетте көрінетін агентсіз немесе айқын себепсіз көрінетін немесе көрінетін болады.
Похожие слова: пайда болды
Синонимы & Антонимы: не найдено
Примеры предложений: пайда болды |
|
|---|---|
| Енді еуро бизнес үшін және, әрине, инвестиция үшін үлкен мүмкіндік беретін жаңадан пайда болған валюта болды . |
Сейчас евро-это только что родившаяся валюта с большими возможностями для бизнеса и, конечно же, для инвестиций. |
| Содан кейін Деннис дауылы пайда болды және ол көп зиян келтірді, соның ішінде мұнай өнеркәсібіне. |
Затем появился ураган «Деннис», который нанес большой ущерб, в том числе нефтяной промышленности. |
| Сізде сол аралдағы әтеш төбелесіне дайындалған екі топ пайда болды . |
Две фракции готовятся к петушиным боям на этом острове. |
| Оқшаулау хаттар тоқтаған кезде пайда болды . |
Изоляция наступила, когда буквы прекратились. |
| Солтүстік — шығыстық жел пайда болды . |
Поднялся северо-восточный ветер. |
| Сондай — ақ, жыныстық белсенділіктің өлуден бұрын пайда болуының дәлелі болды . |
Были также свидетельства сексуальной активности, имевшей место вскоре после смерти. |
| Оның нәтижелері Еуропа Кеңесінің конституциялық реформалар жөніндегі кеңесші органы — Венеция комиссиясының наурыз айында жасаған сыни есебінен кейін пайда болды . |
В ходе расследования выяснилось, что подозреваемые якобы готовили террористические акты против католических церквей по всей территории Боснии и Герцеговины. |
| Уақыт өте келе кеңістікте шамдардың пайда болуы арқылы қандай бөлінулер мүмкін болды ? |
Какие деления во времени стали возможны благодаря появлению светил в просторе? |
| Сіздің штурманыңызда құпия болды , сондықтан ол тек ана сүтіне, ұрыққа немесе қанға тигенде пайда болатын арнайы сияны қолданды. |
У вашего навигатора был секрет, поэтому он использовал специальные чернила, которые появлялись только при контакте с грудным молоком, спермой или кровью. |
| Бұл жаңа музыкалық жанрлар қайдан пайда болды ? |
Откуда берутся эти новые музыкальные жанры? |
| Біраз нәрсе пайда болды және Оз түнде кепілге алды. |
Всплыли кое-какие вещи, и Оз почти сразу же бросил залог. |
| А — Ал омыртқалардағы остеофиттер жасанды кеуделердің салмағынан пайда болды . |
А-И остеофиты на позвонках были вызваны весом искусственной груди. |
| Бізде коммуналдық жүк көліктері мен қалалық көліктер болды , бірақ көбіне осы көлік пайда болды . |
У нас были легковые грузовики и городские автомобили, но больше всего подошел именно этот. |
| Соңғы 20 жылда көптеген жаңа аурулар пайда болды , біз емдей алмаймыз. |
За последние 20 лет возникло много новых болезней, которые мы не можем вылечить. |
| Директор Манн бүгін осында болғысы келді, бірақ соңғы сәтте өте маңызды нәрсе пайда болды . |
Директор Манн хотел быть здесь сегодня, но в последнюю минуту произошло нечто очень важное. |
| Бірақ ыстық және суық температураның бірнеше циклі эритроциттердің лизисін тудырды, содан кейін біздің мумияның дермасында көгерулер пайда болды . |
Но многократные циклы горячей и холодной температуры вызвали лизис красных кровяных телец, а затем создали синяк в дерме нашей мумии. |
| Бірінші ғасырдағы христиан дінінен болмаса, діни икондарды пайдалану қайдан пайда болды ? |
Если не из христианства первого века, откуда возникло использование религиозных икон? |
| Біздің тонауымызды болдырмау үшін капитан Фалькон дер кезінде пайда болды . |
Капитан Фалькон появился как раз вовремя, чтобы предотвратить наше ограбление. |
| Әкем комедиялық қатені өшірмек болды … бірақ одан еш пайда болмады. |
Мой отец пытался погасить комедийный баг … но это было бесполезно. |
| Олар қаланың айналасында пайда болды . |
Они стали появляться по всему городу. |
| Жер бетіндегі тіршілік формаларының тарихын қосымша зерттеу үшін «Тіршілік — мұнда қалай пайда болды ?» бөлімін қараңыз. |
Для дальнейшего изучения истории форм жизни на Земле см. «Жизнь — как она сюда попала?» |
| Оның сигналы осы үш ұялы мұнараның арасындағы сектордың бір жерінде пайда болды . |
Его сигнал появился где-то в секторе между этими тремя вышками сотовой связи. |
| Тропикалық тропикалық ормандар пайда болды , бұл өзара тәуелділіктің жаңа қабаттарын тудырды. |
Возникли тропические леса, породив новые слои взаимозависимости. |
| жылдың қаңтарында пайда болды . Толық өсімдікте күлгін жапырақтары бар үлкен бүршік орамға оралған жапырақтардан өседі. |
На взрослом растении из листьев, которые сворачиваются в пучок, вырастает большой бутон с маленькими пурпурными листьями. |
| Тоғыз жыл бұрын мұражайда Хинтонға тиесілі кенеп сандық пайда болды . |
Девять лет назад в музее обнаружился брезентовый сундук, принадлежавший Хинтону. |
пайда
- пайда
-
Мемлекетке сатылған астықтың әрбір центнерінен орта есеппен 3 сом 74 тиыннан таза пайда түсті («Лен.жас»).
Синонимдер қазақша сөздік.
2015.
Смотреть что такое «пайда» в других словарях:
-
пайда — 1 іменник жіночого роду дарунок; базаринка, хабар; пайда 2 іменник жіночого роду талан … Орфографічний словник української мови
-
пайда — и/, ж., діал. 1) Приношення, дарунок. 2) Щастя, талан … Український тлумачний словник
-
пайда — з.б.п., номд … Орфографический словарь осетинского языка
-
пайда — ди, ж. Св. Великий кусень хліба або сиру … Словник лемківскої говірки
-
пайда — ар. зат. Табыс, кіріс, түсім … Қазақ дәстүрлі мәдениетінің энциклопедиялық сөздігі
-
пайда — (Көкш., Еңб.) ақылы жұмыс. Жігіттер бұрын қала ішіне п а й д а ғ а баратын еді (Көкш., Еңб.) … Қазақ тілінің аймақтық сөздігі
-
пайда-зиян — зат. Тигізер пайдасы мен зияны, екеуі де. Әр дақылдың жерге берер, одан алар п а й д а з и я н д а р ы н бақылау ешкімнің де ойына кіріп шыққан емес (Р.Райымқұлов, Жапанда., 152) … Қазақ тілінің түсіндірме сөздігі
-
æнæпайда — з.б.п., мин … Орфографический словарь осетинского языка
-
ИСКÆЙ НОМÆЙ ПАЙДА КÆНЫН — Сайын, фæливын, хи пайдайæн исты аразын кæнын кæйдæр номæй … Фразеологический словарь иронского диалекта
-
КЪОБАЛИЙЫ ЦÆФÆЙ ДÆР ПАЙДА УЫН — Алы ранæй, алцæмæй дæр æфтиаг хауын … Фразеологический словарь иронского диалекта
-
пара-пайда — (Гур., Маңғ.) пара. Бұрынғы әкімдер п а р а п а й д а н ы көп алатын болған (Гур., Маңғ.) … Қазақ тілінің аймақтық сөздігі
К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби
Тема: Грамматикалык тема: Синонимдин пайда болушу, кепте колдонулушу
Лексикалык тема: Боз үй

Мугалим: Р.Касымбаева
Грамматикалык тема: Синонимдин пайда болушу, кепте колдонулушу
Лексикалык тема: Боз үй
-
Сабакка чейин:
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк максаты:
1.1. Окуучулардын синонимдер жөнүндө алган билимдерин тереңдетүү;
1.2. Жазуу жана кеп ишмердүүлүгүндө синонимдерди ыктуу пайдаланууга
үйрөтүү;
1.3. Окуучулардын кеп маданиятын калыптандыруу;
1.4. Боз үй жөнүндө жалпы маалымат берүү.
2.Өнүктүрүүчүлүк максаты:
2.1.Окуучулардын логикалык жана көркөм ойлоосун өстүрүү;
2.2. Окуучулардын чыгармачылык ойлоосун өнүктүрүү;
2.3. Байланыштуу кебин өстүрүү;
2.4. Сабактын жүрүшүндө студенттердин изденүүчүлүгүн, тапкычтыгын,
ыкчамдыгын калыптандыруу.
3. Тарбия берүүчүлүк максаты:
3.1. Окуучулардын таанып-билүүлөрүн кеңейтүү;
3.2. Эне тилине болгон сүйүүсүн күчөтүү;
3.2. Улуттук баалуулуктарды сактоого, баалоого үйрөтүү.
4. Топтоштуруу: Окуучулар мурунку сабакта эки топко бөлүнүшкөн. 1-топ, 2-топ.
5. Баалоо: Окуучулар7 баллдык система менен бааланат (тиркеме тиркелет)
6. Сабактын болжолдуу регламенти:
-
Уюштуруу – 3 мүнөт
-
Теманы өздөштүрүү — 10 мүнөт
-
Грамматикалык теманы түшүндүрүү – 5мүнөт
-
Бышыктоо – 8 мүнөт
-
Лексикалык теманы түшүндүрүү — 5мүнөт
-
Сабак-талкуу – 8 мүнөт
-
Жыйынтыктоо – 2 мүнөт
-
Баалоо – 2 мүнөт
-
Үй тапшырмасы – 2 мүнөт
Грамматикалык тема: Синонимдин пайда болушу, кепте колдонулушу
Лексикалык тема: Боз үй
Окуучулар ээ болуучу компетентүүлүктөр:
Билим берүүчүлүк максаты:
-
Синонимдер жөнүндө алган билимдерин тереңдетишет жана жазуу жүзүндө, оозеки кебинде кеңири пайдалана алышат;
-
Боз үй жана анын ден соолукка пайдалуулугу жөнүндө маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты:
-
Лексикалык жана грамматикалык тема аркылуу өз ойлорун логикалык жактан ырааттуу, көркөм, ыкчам айта алышат;
-
Боз үйдүн ден соолукка пайдалуулугун чыгармачылык, изденүүчүлүк менен далилдей алышат.
Тарбиялоочулук максаты:
-
Элибиздин баалуу мурастарын сактоого, даңазалоого, барктай билүүгө багыт алышат;
-
Мамлекеттик тилибизде туура, кооз сүйлөөгө, сыйлоого үйрөнүшөт;
-
Бири-биринин пикирин угууга, сылык болууга тарбияланышат.
Сабактын ыкмасы: проблемалуу жагдай түзүү, интерактивдүү ыкмалар, таймаш сабактын элементтери, суроо-жооп ыкмасы.
Предмет аралык байланыш: адабият, адеп, тарых, дин таануу, искусство, этнография, медицина.
Сабактын жабдылышы: таблица, көрсөтмө таратмалар, компьютердик слайд, оюндун түрлөрү, сүрөттөр, ырлар, окуу китеби жана тема боюнча илимий-теориялык, методикалык эмгектер.
Сабактын жүрүшү:
I тур
Уюштуруу: (3 мүнөт)
-
Класстын абалына көз салуу, катышууну көзөмөлдөө;
-
Окуучуларга баалоонун критерийлерин таратуу (1-тиркеме);
-
Мугалим сабакты «Кыргыз тили» газетасына чыккан медицинага байланышкан жаңылыктарды проектрдин жардамы аркылуу окуучуларга кабарлоодон баштайт.
Мугалимдин сөзү:
Урматтуу окуучулар!
. Мекенибизди, мамлекетибиздин гүлдөп өсүшү, бекемделиши үчүн материалдык, руханий баалуулуктарыбызды сактап жүрөлү. Анда эмесе, биз бүгүнкү сабакта улуттук баалуулуктарыбыздын бири болгон боз үй жөнүндө кеп кылабыз. Ал эми грамматикалык темабыз синонимдердин пайда болушу, кепте колдонулушу жөнүндө болот.
II тур
Теманы өздөштүрүү: (10 мүнөт)
Эскертүү: Силлабуста берилгендей окуучулардын жаңы тема боюнча маалыматы бар.
Убакытты үнөмдөө максатында грамматикалык темага 1-топ, лексикалык темага 2-топ даярданып келишет. 1-топ синонимдердин түрлөрү, пайда болушу, кепте колдонулушу боюнча өз даярдыктарын түрдүү стратегиялар менен көрсөтүп беришет. Мында окуучулардын чыгармачылык активдүүлүктөрү бекемделет. Синоним сөздөрдү кебинде арбын, колдонууга көнүгүшөт.
Ал эми 2-топ боз үй боюнча даярдап келген маалыматтарын түрдүү ыкмалар менен түшүндүрүп берет. Боз үйдүн жыгачтары, кийиздери, боо-чуулары, ички-тышкы жасалышын, кыргыздардын дүйнө тааным философиясы боюнча боз үйдүн эстетикасы, архитектурасы жана анын элдик педагогика менен байланышы, боз үйдүн ден соолукка пайдалуулугу жөнүндө даярданып келишет.
Топтор өз даярдыктарын каанадагы көрсөтмө куралдардын (буклет, түстүү сүрөттөр) жардамы менен презентациялашат. Презентациянын маанисин, идеясын логикалуу бере алышы, далилдер аркылуу каршы топту ынандыра билиши эске алынат. Топтор арасында презентациянын негизинде суроо-жооп жүргүзүлөт.
Окуучулардын даярдап келген иштери мугалим тарабынан көзөмөлдөнөт. Топтор бири-бирине түшүнбөгөн суроолорун берип, жооп алышат
Ал эми сабак учурунда боз үй жана синоним сөздүн түрлөрү, кепте колдонулушу боюнча алган билимдерин бышыктоо, бекемдөө жана тереңдетүү мүнөзүндөгү көнүгүүлөрдү иштешет.
III тур
Жаңы тема: Синонимдин пайда болушу, кепте колдонулушу. Боз үй
Грамматикалык теманы түшүндүрүү: (5 мүнөт)
Мугалим окуучулардын даярдап келген тапшырмасына улай синоним жөнүндөгү маалыматтарды таблицанын жардамы менен түшүндүрөт.
Мугалим: Бизди курчап турган чөйрөдөгү окшош, типтеш заттар, кубулуштар, окуялар, кыймыл-аракеттер бирдей жакын маанилеш сөздөр менен аталат. Айтылышы боюнча айрымаланган, жакын маанилеш сөздөр синонимдер деп аталат. Анда эмесе, төмөнкү таблицадан синонимдердин түрлөрү, пайда болушу жөнүндө маалымат алабыз.
|
Синоним, анын түрлөрү, пайда болуу жолдору |
|||
|
Синонимдеш келген сөздөрдүн жалпы жыйындысы уя деп аталат |
Синонимдеш келген сөздөрдүн ичиндеги өтө жакын маанилеш сөздөрдүн тобу катар деп аталат |
Синонимдердин алгачкы туюмду, атоону берген түпкү маанлилүү сөзү учурайт, аны синонимдин доминанты дейбиз. |
|
|
Курбу, курдаш, теңтуш, замандаш, куракташ, тең, жолдош, классташ |
1-катар: курбу, курдаш, теңтуш, жолдош; 2-катар: теңтуш, курбалдаш, тең, катар |
Жогорудагы синонимдеш сөздөрдүн доминанты – курбу. |
|
|
Синонимдер маанилик катышына карай толук жана толук эмес, контексттик синонимдер болуп бөлүнөт |
|||
|
Толук синонимдер сүйлөмдүн катарында бири-бирин толук алмаштырса, маанилик жактан эч өзгөрүү болбошу мүмкүн. Мисалы, байыртадан, мурунтадан, эзелтеден. |
Толук эмес синонимдер сүйлөм тутумунда биринин ордун бири толук маанилик жактан алмаштыра албайт, бирде алмаштырса, экинчи бир учурда синонимдешпейт. М.: Тамак муздады дейбиз, тамак үшүдү деп айтылбайт |
Кээ бир сөздөр контекстке карата гана синонимдик катышка ээ болуп колдонулат. Мындай сөздөрдү нагыз синонимдердин катарына кошууга болбойт. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романына синонимдердин мындай түрүн бир топ кеңири колдонгон. М: чамгарак ээси (үйдүн эркеги), очок ээси (аялы), жаңы көз (жаңы төрөлгөн бала), кырк жылкы (кыз бала). |
|
|
Синонимдерди пайда кылуучу булактарды пайда кылуучу булактарды ички жана тышкы таасирдин негизинен көрүүгө болот. Ички мүмкүнчүлүктүн таасириндеги пайда болгон синонимдерге кыргыз тилинин өзүнүн булактарын эсептейбиз. Ал эвфемизмдин, табунун, фразеологизмдердин, диалектизмдердин таасиринде өнүгөт. |
|||
|
Эвфемизм одоно, айтууга ыңгайсыз сөздөрдү башка жагымдуу сөздөр менен алмаштыруудан келип чыгат. Бооз деген түшүнүк малга карата колдонулса, адамга карата боюнда бар кош бойлуу, кош кабат деген сыяктуу синонимдер менен алмаштырылат. |
Табу деген түшүнүк элдин аң-сезими менен байланыштуу. Жаратылыштан, табияттан коркунуч алып келет деген сезимдеги түшүнүктөрдү башка сөздөр менен айырбаштайт, б.а., тергөө сөздөр деп аталат. Карышкыр деген сөздү айтса, малды жеп, кырып кетет деп, кудайдын ити, кашабаң, бөрү, көк серек деген синонимдер менен алмаштырышкан. |
Фразеологизмдер Өтмө мааниде туру менен түз маанидеги сөздөргө маанилеш келет: Жыш токой эгин дегендин ордуна чычкан мурду жөргөлөгүс деген фразеологизм колдонулат. |
Диалектизм же тилдин территориялык чектелген түшүнүгү болу менен адабий тилде синонимди пайда кылат: Дос, жолдош, орток. |
IV тур
Бышыктоо
Мугалим грамматикалык теманы бышыктоо максатында окуучуларга көнүгүү берет.
1-көнүгүү. (4 мүнөт)
Сүйлөмдөрдөгү синонимдерди тапкыла, маанисин түшүндүргүлө. Жазуучунун синонимдерди колдонуу чеберчилигине байкоо жүргүзгүлө (оозеки аткарылат)
1) Оңой бекен жан бакмак дегендей, жалгыз бой жесир аял ушуну менен эптеп түзүгүрөөк оокат кылуунун далалатында. 2) Жоонун түрү каардуу, айбаттуу болуп бара жатты. 3) Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң. 4) Ташты какшатып, талды сыздатып соккон шамал. 5) Бул эки жетимди сага берип деле коер элем, бирок башка адамдар бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат. 6) Жок, эгер аякка жетпей жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүңдү унутуп, адамдык арамдыгына кетсе, өзүңдөн көр. 7) Көрүнбөсөң жоктоп турат, бекинсең таап алат. (Ч.А.)
Окуучулардын болжолдуу жооптору:
1-окуучу: 1-сүйлөмдө “жалгыз бой” жана “жесир аял” деген сөздөр синоним катары келди. Бул синонимдер толук синонимдер, анткени алардын бирин алып таштасак деле, сүйлөм маанисинен бузулбайт.
2-окуучу: 2-сүйлөмдө “каардуу”, “айбаттуу” деген сөздөр синоним катары колдонулду. Бул синоним сөздөр толук эмес синонимдин катарына кирет, анткени бул сүйлөмдө бирин-бири толукташ үчүн колдонулду. “Каардуу” деген сөздүн синоними
3-окуучу: 3-сүйлөмдө “жылдызы жерге түшүп” жана “томсоруп” деген сөздөр синоним болуп келди. Биринчи сөз айкашы фразеологизм, экинчиси сөз “маанайы чөктү” деген маанини билдирет. Эки сөз контексттик синоним болот.
Эскертүү: Окуучулардын жооптору ушундай таризде улантылат.
2- көнүгүү (6 мүнөт)
Ар бир топ өз тексттериндеги кара тамга менен берилген сөздөрдүн синонимдик катарын жазып, доминантын табышат. Синонимдерин кайсы булактан пайда болушун, колдонуу өзгөчөлүгүн белгилешет. Көп чекиттин ордуна коюлбай кеткен сөздөрдү коюп жазышат.
1-топ
|
Боз үй – көчмөн элдердин байыртадан бери колдонуп келе жаткан турак жайы. Түндүктө жашагандарга сүйрөмө, тоолуктарга жүктөмө түрү кеңири тараган. Кыргыздардын шартына жараша жүктөмө боз үй ылайык келген. Негизги материалы — ………………….. . Боз үйдү түрк-монгол калктары пайдаланып келишкен. Орто Азияда бул үйдү ……………… деп аташкан. Боз үйдүн жыгачына – түндүк, уук, кереге, босого, таяк, каалга, бакан; кийизине — үзүк, туурдук, түндүк жабу; боо-чууга – түндүк жабуу боосу, желбоо, канат боо, үзүк боо, кырчоо, эшик боо, уук тизгич, кереге чалгыч; чийге — ……………………. ж.б. кирет. Боз үй …………… тал, арча, кайың жыгачы пайдаланылган. Түндүк – боз үйдүн төбөсүндөгү жарык кирүүчү жана түтүн чыгаруучу тегерек жыгачы. Түндүк – алкак, чамгарак жана бастырмадан турат. Уук – түндүк менен керегени бириктирүүчү чабак жыгачтар. Кереге – боз үйдүн уук бекитилчү таяныч жыгач жасалгасы. Саканактардын ар бири 14-18 см аралыкта бири-бири менен кайчылаштыра көзөлөт, ага көк (териден тилинип жасалат) өткөрүлүп, эки жагы түйүлүп бекитилет. Керегенин көктөлүп бириккен жери …………… деп аталат. Керектелүүчү сөздөр: жыгач, кийиз, чий, боо-чуу, кайыш; канат чий, чыгдан, эшик, чыны кап, казан капкак; жасоодо; эшилген жээк; кийиз; кыргыз үй; темгек. |
2-топ
|
Боз үйдүн кийиздерине үзүк. туурдук, түндүк жабу кирет. Үзүк – боз үйдүн ууктарынын үстүнө жабылуучу кийиз. Боз үйдө алдыңкы жана арткы үзүк босу тийгенде түйүлбөсүн үчүн үзүктүн чети кыл же жүндөн ………………….. менен жээктелет. Үзүктүн этегине кооздук үчүн оюу түшүрүлүп, чачы тагылат. Ал төтөгө деп аталат. Түндүк жабу — боз үйдүн түндүгүн жабуучу ………… . Аны калыңыраак кийизден түндүктүн чоңдугуна жараша төрт бурч кесип, чети жээктелет. Анын төрт бурчуна тагылган төрт боонун үчөө кырчоого байланып, эшик жактагы тастар жиби бош калат, ал аркылуу түндүк ачылып, жабылып турат. Чий ак бойдон же оюу салып чырмап, эки түрдүү согулат. Чийден …………………………………….. ж.б. жасалат. Чыгдан – ашкана чий, боз үйдүн эпчи жак бөлүгүн тосуу үчүн чийден жасалган калканч. Керектелүүчү сөздөр: жыгач, кийиз, чий, боо-чуу, кайыш; канат чий, чыгдан, эшик, чыны кап, казан капкак; жасоодо; эшилген жээк; кийиз; кыргыз үй; темгек. |
3-көнүгүү. (5 мүнөт)
Окуучуларга жалпы тапшырма берилет. Доскага синоним сөздөр жазылып, ар бир студент сүйлөм түзөт.
-
Оору, илдет, ылаң
-
Кооз, сулуу, чырайлуу, көркөм
Студенттери түзгөн сүйлөмдөрүн окушат, окутуучу тарабынан көзөмөлдөнөт. Маанилери, колдонулуш өзгөчөлүктөрү такталат.
Мугалимдин жыйынтыктоосу:
Синонимдер көркөм каражат катары стилдик максатта пайда болот. Анткени бирдей түшүнүктөрдү кайра-кайра эле бир сөз менен атай берсе кептин мааниси супсак, жагымсыз туюлат, ошондуктан аларды улам башка бир сөз менен атап, пикир алышкан учурда ийкемдүү, коозураак сезилет. Ошондуктан синоним сөздөрдү ыңгайына жараша колдонуп сөз байлыгыбызды байыталы.
V
Лексикалык теманы түшүндүрүү: (5 мүнөт)
Эскертүү: Окуучуларга проектр аркылуу боз үй жөнүндө слайд көрсөтүлөт
Мугалим: Боз үйдүн ички түзүлүшү, тышкы жабдылышы, боз үйдөгү жашоо маданиятын түшүндүрөт. Боз үйдүн куралышы адамдын ден соолугунан тартып психологиялык абалына таасир этет. Анткени боз үйдүн ичинен төбөңдү карасаң, түндүгүнөн көк асманды, күндүз күндү, түнү айды көрөсүң. Сыртка чыксаң, кең дүйнө шарт ачылат. Чагылгандын чартылдаганын, шамалдын улуганын, дарыянын шоокумун, куштардын сайраганын даана угуп турасың. Боз үйдөн сырткы космос жана ички дүйнө менен бирге жашап даткандай сезесиң. Атүгүл, боз үй кышында жылуу, жайында салкын болуп, анын жыгач-кийиздери табигый таза заттардан жасалгандыктан адамдын ден соолугуна да пайдалуу келет. Анда эмесе, силер менен видео-слайддын негизинде сөз кылабыз.
VI
Сабак-талкуу: (5 мүнөт)
«Боз үй- улуу маданият» деген темада талкуу жүргүзүлөт. Мугалим тарабынан берилген «Сөз кутучасынан» окуучулар сөздөрдү алышып маанисин чечмелешип, видеотасмага таянышып ой-пикирлерин айтышат. Кыргыздын боз үйүндөгү ырым-жырымы күчтүү болгон: «керегеге буту артпоо», «түндүктүн жибине артылбоо», «босогону баспоо», «түндүктү, баканды аттабоо», «босогодо бөйрөгүн таянбоо», «үй айланып чуркабоо»; каалоо-тилек айтымдары: «түндүгүңөн түтүн үзүлбөсүн», «чамгарагың көтөрүлсүн», «очогуң өчпөсүн»; макал-лакаптар: «уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук», «чыккан кыз чийден тышкары», «үйүңө келгенге үйдөң таарынычыңы айтпа» деген сыяктуу.
Эскертүү: Бул талкуу окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү, алган билимдерин турмушта колдоно алуу максатында жүргүзүлөт.
Жыйынтыктоо
Мугалим:
Боз үйдүн ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат. Анын баарын чечмелеп айтса өтө узак кеп. Боз үй – көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу. Боз үйдө жашаган элибиз жоо келе жатса, боз үйүн чече салып, жүктөй калып, ушундай бир ыкчам күчтүү рух менен жашаган. Элибиздин байыркы өткөнүн, азыркы өсүшү менен байланыштырган боз үйүбүз кылымдарга жашай бермекчи.
Үй тапшырмасы: (1 мүнөт) «Боз үй бүгүн жана эртең…» деген темада синонимдерди пайдалануу менен эссе жазып келүү.
СӨАИ: Боз үйдүн ден соолукка тийгизген пайдасы жөнүндө маалыматтарды интернет булактарынан, маалымат каражаттарынан топтоп келүү.
Баалоо: (1 мүнөт)
-
Окуучулардын пикирин эске алуу менен топтордун сабактагы активдүүлүгүнө карап бааланат.
Адабияттар:
-
Абдулдаев Э. Азыркы кыргыз тили. — Б.: Кыргызстан, 1998.
-
Акматалиев Амантур. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. –Бишкек, 2011
-
Акматов К., Жумаев Н. Кыргыз тилинин маалыматнаамасы. -Ош, 2009
-
Байтикова Б., Мамадыева Г., Темирова Н. Кыргыз тили. – Ош,2014
-
Балбай Алагушов. Бабалардын мурасы. –Бишкек, 2006
-
Ботобекова Айшат. Кыргыздын ымдоо-жаңсоолору. –Бишкек, 2007
-
Дунканаев А.Т. Кыргыз макалдарынын тексттик-коммуникативдик өзгөчөлүктөрү. – Каракол, 2010
-
Каразакова З.Ж. Улуттук дөөлөттөр. – Ош, 2011
-
Карасаев Кусеийн. Накыл сөздөр. –Фрунзе, 1987
-
Кыргыз адабий тилинин сөздүгү. –Бишкек, 2010
Баалоонун критерийи: Сабакта мелдештин жыйынтыгын окуучулардын пикирлерин эске алуу менен мугалим чыгарат. Ар бир тапшырма аткарылып бүтөр замат улам жыйынтыкталып упайлар торчого жазылып турууга тийиш.
Баалоонун үлгүсү:
|
Топтордун аты |
1-үй тапшырма |
2- грамм. көнүгүү иштөө |
3-сүйлөм түзүү |
4-сабак талкуу |
|
1-топ |
||||
|
2-топ |
|
Критерийлер |
балл |
Комментарий |
|
||
|
||
|
||
|
||
|
|
Баалоонун критерийлери |
баллы |
баасы |
|
Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөсө. Грамматика жана лексикалык темалар боюнча алган билими жогорку деңгээлде болсо, кеп маданиятын үлгүлөрүн мыкты сактай алса коюлат. |
7 |
«5» |
|
Берилген тема боюнча тилдик каражаттарды кеңири пайдалана алса, грамматикадан алган билимин жогорку деңгээлде колдоно алса жана одоно эмес 2-3 ката кетирсе, ошондой эле, кебинин темпи шар, табигыйлыкка жакын болуп, адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын сактай алса коюлат. |
5-6 |
«4» |
|
Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттарды жеткиликтүү пайдалана албаса жана грамматика, лексика боюнча алган билимин толук колдоно албай, одоно эмес 4-5 ката кетирсе, кептин темпи жай, тыным менен айтылып, адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын толук сактай албаса коюлат. |
2-4 |
«3» |
|
Берилген темалар боюнча түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттарды толук пайдалана албайт. Грамматика жана лексика боюнча алган билимин дээрлик колдоно албайт: каталарды көп кетирет, кетирген каталарды оңдоого мүмүкүнчүлүгү жетпейт. Кеби тыным менен жадатмалуу болсо коюлат. |
0-1 |
«2» |
Толук маанилүү синонимдер
Мааниси боюнча толук дал келип, өз алдынча да, сүйлөм тизмегинде да, сөз айкалышында да бирин экинчиси маанилик жактан алмаштырса, булар толук маанилүү синонимдер болот. Мындай синонимдер көбүнчө заттык түшүнүктү, кыймыл-аракетти, адамдын ар кыл абалын туюндуруучу сөздөрдө кезигет: иймек-сөйкө, бет-өң-дидар-жүз, ырайы суук-серт, кубануу-сүйүнүү, чепкен-чапан, туюу-сезүү, кайгыруу-сары саана болуу, кур-илгич-белбоо, санаркоо-кейүү-убайым чегүү
ж. б.
Толук синонимдер бир уянын ичиндеги бирдей катарда туруп, жакын маанилүүлүгү менен бир кылка семантикалык системадан орун алат. Ошондой болсо да тигил же бул сөздөр менен айкалышуу деңгээли ар башка болот. Айталы, бет-жүз, өң-түс-дидар бирдей семага ээ болгон катарды түзгөнү менен, сөздөргө айкалышуу мүмкүнчүлүгү жагынан бири-биринен айырмаланат: бети жылма (колдонулат), жүзү жылма (көп колдонулбайт), өңү жылма (колдонулат), бетиң кургур (колдонулат), жүзүң кургур (колдонулат), өңүң кургур (колдонулбайт), дидарың кургур (колдонулбайт) ж. б.
Бирок мындай контексттик дал келбөөгө карап, аларды семантикалык жактан толук маанилеш эмес деп кароо туура эмес. Анткени алардын парадигмалык деңгээли ар кыл болгону менен, семантикалык табияты жакын.
Толук эмес (түшүнүгү жакын) синонимдер
Семантикалык системада мааниси боюнча бири-бирине дал келип, тигил же бул контекстте бири экинчисин бирде алмаштырып, бирде алмаштыра албай калган синонимдер толук эмес синонимдер деп аталат: айнек-терезе, мурун-тумшук, сулуу эмес-ырайы суук, кубануу-жетине албоо-маңдайы жарылуу, коркту-сестенди, өмүр-жашоо, суук-мелүүн-жылымык, эшик-калга ж.б.
Алардын маанилик карым-катышы колдонулуш чөйрөсүнө, кошумча маанилердин тар же кеңдигине, колдонуу мүмкүнчүлүгүнө карай аныкталат. Мисалы: айнек-терезе синонимдерин салыштырып көрөлү. Бул экөөнүн тең функционалдык семантикасы бирдей, бирок ушул эле маалда экөө тең өз алдынча ар башка полисемиялуулукка ээ, б. а., айнек химиялык составдан тышкары күзгү маанисин берет, терезе тамдын айнек салынуучу рамасын, ал эми туунду маанисинде химиялык составды билдирет. Ошентип, бул эки синонимдик түгөй өз алдынча маанилик кеңейүүгө дуушар болуп, жалпы семантикалык планда алганда мааниси жакын болгону менен, белгилүү бир контекстте келгенде өз ара айырмаланып калат. Ошон үчүн айнекке көрүн (диалектиде: күзгү манисинде) деп айтылат, терезеге көрүн деп айтылбайт.
Толук эмес синонимдер чыгармаларда атайын көркөм каражат катары колдонулат. Алар көбүнчө образдуулукту күчөтүүчү, окуяны коюулантуучу, өркүндөтүүчү, санап берүүчү касиетке ээ болот. Мындай синонимдик катарлар тизмектеле, ээрчише келет да, бул аркылуу ойду тактап, образдуулукту арттырат: …Айтор, Жамийланын жүрүш-турушунда кайратуулук, эркекке таандык мүнөз бар. …Келинибиз ошондой ачык-айрым, тайманбас. Адамдын ичи-коюну ачыгы эле жакшы болот – сасыткылар кайра ошо тымпыгыйлардан чыгат.(Ч.Айтматов) Майраш аттардын ээсинин жанына келип, айласы куругандай, эмне кыларын билбегенсип, кыйпычыктап турду. (Д.Казакбаев)
Толук эмес синонимдер маанилик туюму жакын болгону менен, ар кандай семантикалык оттенокко ээ. Сүйлөмдө, контекстте сөз менен айкалышуу мүмкүнчүлүгү да ар башка. Мисалы, эшик-каалга, короо-дарбаза синонимдери жакын мааниге ээ болгону менен, ар түрдүү маанилик туюмду берет: Эшикке чыкты деп айтылат, каалгага чыкты деп айтылбайт, короого чыкты деп айтылат, дарбазага чыкты деп айтылбайт.
Синонимдердин маанилик катышынын толук же толук эместигин парадигмалык ченемде гана аныктоого болот:
Кетти, кетти балалыгым кайрылбай,
Аткан октой кайрылууга айныбай.
(А.Осмонов)
Мен аппак, мен кирсизмин таң сыяктуу.
(Т.Кожомбердиев)
Бул жерде кетти, кетти кайрылбай жана аткан октой кайрылууга айныбай деген ыр саптары балалыктын тез, байкалбай өтүп кеткендигин билдирип, өз ара толук маанилеш синонимдик катышта болушту. Ушул сыяктуу эле аппак, кирсизмин деген сөздөр да таң сөзүнө айкашуу менен жакын маанилеш синонимдер катары колдонулду.
Контексттик синонимдер
Лексикалык составдын чегинде карала турган, семантикалык системадан өзгөчөлөнгөн, белгилүү бир контекстте гана синоним болуп, контексттен тышкары лексика-семантикалык системада мындай касиетке ээ боло албаган сөздөрдүн тобу контексттик синонимдер деп аталат.
Мисалы: Жылкычыларга барып айтайын, сенин териңди чаап алып, тескери-тескери сыйрысын деди да, торгой андан ары сызып жөнөдү. Учуп отуруп жылкычыларга келип сайрады.(Жомоктон)
Мындагы чаап алсын, териңди тескери сыйрысын, учту, сызды деген сөздөр менен сөз айкаштары белгилүү бир контекстте гана синоним боло алышат. Ошондой эле мисалдагы синонимдердин айрымдарында синонимдик түгөйлөрдүн экөө тең, айрымдарында бир сыңары гана өтмө мааниде колдонулду. Айрым синонимдик түгөйлөр жалпы элдик тилге мүнөздүү болсо, кээ бирлери атайын көркөм ыкма катары колдонулган автордук синонимдер гана болуп саналат: катуу-бекем-чың, сүйлөйт-бакылдайт, өмүрү-эч качан, ыркырашуу-урушуу, көнүмүш-бышы кулак-ашмалтай, ыр-секетпай, улуу-карган-картаң, көк-чөп, ак көңүл-дардаке, мыжыкый-маңыз–көп сүйлөөк. Мындай синонимдеш катарлардын кайсы бир түгөйү түз мааниде эмес, өтмө мааниде колдонулат да, экспрессивдүүлүктү жаратат.
Контексттик синонимдердин айрымдары лексикалык синонимдер сыяктуу эле эл арасына кеңири тарап, жалпы элдик мүнөзгө ээ болуп калганын көрөбүз. Бирок алар жеке, өз алдынча турганда, маанилик жалпылыкка ээ эмес, мындай жалпылык белгилүү бир контекст аркылуу гана ишке ашат. Айталы, көк менен чөп, улуу менен карган өз алдынча туруп, синоним боло албайт, бирок тиешелүү текстте (көк чыкты – чөп чыкты, карган адам— улуу адам) болуп синонимдешет.
Контексттик синонимдер көпчүлүк учурда көркөмдөп сүйлөө, какшыктоо, келекелөө максатында оозеки речте пайда болуп, элге тарайт, калыптанат. Мисалы: Көчөдөн токсон беш кишини жолуктурдум. Баарысы эле окууга кыздарын алып келишиптир, сураштырсам, баарынын издегени эле жылчык. Ысмайылга ыраматылык атасынан энчиге кара кунандын таягынан экиге бөлүнүп ыргып түшкөн аттын такасы (дүнүйө, оокат) калган. Жанатадан Туратбекти чуркатып, Бекташтан кагазга оротуп, жашырын ичип жаткан дарысы жөнөкөй дары эмес, кырк градустук сыйкырдуу дары экен.(С.Сарыгулов)
Бул мисалдардагы контексттик синонимдер негизинен оозеки кепке таандык болгону менен, алар сатирик тарабынан атайын көркөм каражат катары колдонулду. Ал эми төмөнкү мисалдарда жалпы элдик лексикадагы контексттик синонимдер чеберчилик менен колдонулган: Иштин баарын ойрон кылган (бузган) — ошол. (“Кыргызстан маданияты”) Ал түкүрүнүп, сөгүнүп келип чалды жакадан алмакчы болуп, бирок токтоп калды, коркуп кеткенден өңү кумсарып (бузулуп) кетти.(К.Акматов)
Чындыкты жалгыз гана чал өзү, анан бакчадан качкан безбелдектер (балдар) билчү.(К.Акматов)
Контексттик синонимдер стилдик максатта колдонулгандыктан, тилде өтмө маанини, образдуулукту пайда кылат: Карачы, адам баласы бул жарыкта (дүйнөдө) көп деле жашабайт, бир келет да, бир кетет.(“Ала-Тоо”)Үчүнчү сабы кандай эле, мен башымды чайкадым (билбейм дедим), чын жери эстен тарс чыгып кетиптир (унутуп калыптырмын). Баса, Жангелдиновдун сурун(өңүн)көрөлү. (К.Акматов)
Синонимдердин пайда болуу жолдору
Синонимдер негизинен тилдик ички ресурстардын базасында пайда болот. Сан жагынан алганда, синонимдик катарларга чек коюу кыйын, анткени муну контекст аркылуу гана аныктоого болот.
Синонимдик катарлар ички мүмкүнчүлүктөр, ж.б., диалектинин, говорлордун эсебинен пайда болот да, айрым диалектизмдер адабий тилдин нормасына чейин калыптанып жете алат: илгич-кур-белбоо, чыбый-чөжө-балапан, пул-акча, гулдесте-букет, акиташ-ак-аки ж. б.
Башка тилдерден кабыл алынган сөздөрдүн айрымдары да эне тилибиздеги сөздөргө маанилеш болуп калып, синонимдерди пайда кылат. Кыргыз тилиндеги бул сыяктуу кабыл алуу жолу менен пайда болгон синонимдик катарлар активдүү түрдө колдонула берет: айнек (ар.) -терезе, нан (ир.) — токоч, шылтоо – себеп (ар.), ыракат – ракат (ар.), көңүл-маанай (паанай) (ир.) – настроение (орус), уста-мастер (орус), мөөнөт (ар.)-срок (орус), муздаткыч-холодильник (орус), жетекчи-шеф (орус), кызыл үй-библиотека (орус) ж. б.
Синонимдердин стилдик максатта колдонулушу
Синонимдер көркөм чыгармаларда жыш кездешет. Анткени бир эле окуяны, көрүнүштү, нерсени ар кандай сөздөр менен баяндап берүү көркөм сөз чеберинин атайын ыкмасы болуп саналат. Чыгармаларда өтмө мааниде колдонулган сөздөр жалаң эле кыйыр маанини пайда кылбастан, синонимдин катарын түзөт. Алар жаратылышты сүрөттөөдө, кубулушту туюндурууда, кейипкерлердин портретин ачып берүүдө эң кеңири колдонулат.
Боз үй — кыргыздын турак жайы.
Элибиздин улуттук мүлкү
Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал-укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган, көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу. Көчүүгө жеңил, каалаган жайга кондурууга ылайыкталган, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасири-күчүнө туруктуулук кылган боз үйдүн ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлоткон.

Түндүк көтөрүү
Кыргыздар жашоо-шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан аркы өнүктүрүлгөн түспөлү катары каралат. Боз үйдүн жыгач тулкусуна узанган усталар-чыныгы архитекторлор. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү, бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык, тоолуктардын сыймыктуу бул мүлкүнүн көлөмү, албетте, ар кандай болот.
Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55-65-75 баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты» жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө көөрү төгүлгөн зергердин, жыгаччынын, кайкач бармак оймочунун, саймачынын, өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин колдору катышат.
Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
Байыртан бери боз үйлөр жасалыш үлгүсү боюнча кыргыздын боз үйү жана калмак (моңгол) боз үйү болуп айырмаланган. Кыргыздардын боз үйүнүн керегеси кенен, ууктары узун, түндүгү бийик келет.Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат. Анын баарын чечмелеп айтса өтө узак кеп.
Кыргыздын боз үйүндөгү ырым-жырымы күчтүү болгон: керегеге бутту артпаган, түндүктүн жибине артылбаган, босогону баспаган, түндүктү, баканды аттабаган, отко суу куюп өчүрбөгөн, чөмүч менен итке аш куйбаган, тулганы, сүттү теппеген, шамалды сөкпөгөн, дасторконду тетири салбаган, күйгөн отко түкүрбөгөн, жылдыз санабаган, эшикти тээп ачпаган, босогого туруп бой кербеген, үйдө ышкырбаган, үй айланып чуркабаган жана башка. Боз үйдүн жыгачын ар түрдүү усталар жасашат. Ал өтө чеберчиликти, көп убакытты талап кылат. Боз үйдүн уук-керегесин, босого таягын узанган чеберди «уукчу», «керегечи», түндүк жасаганды «түндүкчү»дешет.
Кыргыздар жакшылык айтканда «түндүгүңдөн түтүн үзүлбөсүн», «чамгарагың көтөрүлсүн, очогуң өчпөсүн», «отуң өчпөсүн», «түндүгуң бийик, керегең бек болсун», «коломтоң сапырылбасын», суук кабарды билгизгенде «келе бакан, куу союл», «чаначтай көөп», «карды чанач», «чылгый чаначтай ийле», каргыш айтканда «түндүгүң түшсүн», «чыгдандын ары жагында кал» деген сөздөрдү айтышкан.
Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат, кээ бир ажолордун, байлардын ак өргөлөрү 30 канатка жеткен учурлары бар.
Боз үйдүн ичи Боз үйдүн так ортосу – коломто, ага казан асылат. Төр – үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, ала кийиз, өрө кийиз, шырдак, көлдөлөң, төшөк салынат. Жүктүн эки жагына текче илинет.
Эпчи жак – үйдүн кире беришиндеги оң тарабы. Ага ала бакан орнотуп, ашкананы чий (чыктан) менен болуп, ал жерге тамак-аш, идиш-аяк сакталган. Аяк кап, чыны кап илинген.
Эр жагы – үйдүн сол тарабы. Анда эркектердин кийими, куралы, ат жабдык жана башка буюмдары коюлган.
Улага – үйдүн кире бериши. Ага, адатта, отун жыйып, ээр-токум коюлган. Боз үйгө туш кийиз, көшөгө тартуу – эзелтеден берки салт.

Боз үйдүн ичи
Боз үйдү жасоодо, тигүүдө, чечүүдө, жүктөөдө, сактоодо көркөм кол өнөрчүлүктүн ар бир түрү табы менен кармалат да, тери — жүн, сайма, таар, жыгач, таш буюмдары боз үйдүн ички колдонмо-жасалгаларына катыш жасайт. Узчулук: оймочулук, саймачылык, чыгармачылык,өрмөкчүлүк, килемчилик, түймөчүлүк, бычмачылык, зергерчилик, кайышчылык, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, таш чегүүчүлүк боз үйдөн көрүнүп, элдик буюм катары таанып-туюлат. Эстетикалык ыракат берет. Эгер өнөрдүн бирөө болбосо, үйдүн бир татым тузу кемийт. Боз үй көтөрүүчүлөр жогоруда санап кеткен узчулук (аялдарга таандык өнөр) аракеттерин бүтүндөй өзү эле бир колдон чыгарууга жетишкен. Ким зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл кармаган.
Боз үй азыр ак өргөө катары тигилүүдө. Анда коломто жок. Үйдүн эни менен бирдей шырдак, ала кийиз, шалча салынат. Боочулары, тегиричи, кылдыроочу кадимки терме болот. Боз үй тигүүдө айырмачылыктар бар. Жасалга буюмдарында жашыл түс арбын пайдаланылса, ички жасалгалар жашыл болуп көрүнүп, аны «жашыл үй» дейт. Мына ушундай боекторуна карай «сары үй», «кара үй», «кызыл үй» деп айтылышы ыктымал.
Боз үйдүн жабдылышы
Жыгачтан (тал), кийизден, майда жип жана кичинекей шурулардан болот.Анын жыгач бөлүгүнө (түндүк, уук, кереге, босоголдр) четинден, тал, теректен ж.б. узун шыргайларды колдонушат. Алгач уук менен керегеге жарактуу болгон жыгачтарды жасоочу жерге топтоп алат. Аларды матоодон өткөрүү үчүн (жумшартуу үчүн) корго салып жумшартып алат. Жумшарган жыгачтардан уукка, керегеге ылайыктап тистен өткөрүшөт.
-
Уук — тистен өткөндөн кийин үйдүн чоң же кичинесине ылайык формага келтирип, ченеп жасайт. Ууктун баш жагы түндүктүн алкагындагы көзөнөккө туура келгидей кылып учталат. Аяк жагы кооздолуп, учуна керегенин башына байлай турган өрүлгөн жип тагылат. Ууктарды кызыл жошо менен боёп, (азыр кызыл сыр менен боёп жүрүшөт) формасын өзгөртүп жибербеш үчүн, аны көлөкө жерге бир нече күн коюп кургатат.
-
Кереге — уукка караганда жасалышы татаал болот. Кергенин жыгачын да корго салып, жашытып алып тиске салып ийет. Керегенин баш жагын «ийди» менен ийип коёт. Бирок ууктукуна караганда, керегенин жыгачтары бирдей болбойт. Керегеде кыска саканактар болот. Саканактар ар бир канат керегени бириктирүүгө жардам берет. Керегенин жыгачтарын 18-20 см. аралыкта кылып, көк менен (атайын териден даярдалган жип) көктоп, тор көз кылып бириктирет. Көк уйдун, төөнүн терисин тузга чылап, чылгый боюнча тилип алып, анан көктөлөт.
-
Түндүк — алкак жана чамгарак деген эки бөлүктөн турат. Алкакактуу жоон талдан, кайындан корго алып, жашытып тиске салып, андан кийин ийип, ченеп, экөөнү тууралап бирин-бирине аштап жасалат. Алкактын сырткы капталына үйдүн чоңдугуна жараша ууктардын башы киргидей көзөнөктөр (60,70,80) үшкү менен көзөлөт. Алкактын үстү жагына чамгарактын баштары кире тургандай кылып, карама-каршы багытта төрттон төрт жагына 16 көзөнөк тешилет.
-
Босого таяк — жыгачтан жасалган эки жак босого. Бирден баш босого жана жер босого жасалат. Жыгачтан жасалган бардык жабдууларды жыгач усталар гана жасай алышат. Усталардын колдонгон мурунку куралдары: матоо жыгач, ийди, үшкү, аштама керки, мети темир шиш, шибегелер, тарткы дегендер болгон.
-
Боз үйдү калкалоочу чий. Чийди тандап, узунунан жаандан кийин бирден түбү менен тартып келип аарчып тазалайт. Андан кийин 6-8 тап кылып согот. Мисалы, 6 тапка 12 сүйрү ташка жип ороп баканга салмоорлоп, чийди бирден коюп жиптерди алмаштырып иштей берет. Боз үйдүн сырткы жабдуулары: үзүк, туурдук жана эшик. Буларды ак койдун жүнүнөн кийиз жасап, анан ченеп, бычып жасалат.
-
Yзүктүн — түндүк жагы кууш жана этек жагы жазы болот. Боз үйгө алдыңкы жана арткы болуп, эки чоң үзүк жасалат. Yзүктөрдүн алды жана арты бастырык менен бекитилет.
-
Туурдук — керегеге ылайыктап жасалат. Туурдуктун жабык баш деген бөлүгү үйдмн ич жагынан көрүнүп турат. Боз үйдүн эшигинин ички бетин чийден согуп, сыртынан кийиз каптайт. Эшиктин босогодон өйдөкүсү үзүктүн астында калат.
-
Түндүк жабуу – түндүккө жанаша бычылып жасалат. Анын төрт бурчуна жип тагылат. Анын бурчтарын төтөгө деп коёт.
Боз үйдүн майда жабдуулары көп болот. Алсак, түндүккө эки желбоо жип тагылат. Шамал болгондо анын пайдасы абдан чоң. Кырчоо менен (курчоо) туурдуктарды бастырып боз үйдү айланта курчап коёт. Түндүк жабдууга да жип байланат. Жиптерден башка ак сызмалар жана үзүк, туурдуктарга терилип түр салынып жасалган сызмалар жасалат.
Кыргыз боз үйү илгертен ата-бабадан бери карай очогунан от өчпөгөн, жайы-кышы жашап тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон деп айта алабыз. Боз үйдү кыргыздын улуттук чыгармачылык маданиятын чагылдырган эмгеги десек да болот. Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл.

Войти
Регистрация
Размещено 3 года назад по предмету
Қазақ тiлi
от Насипкуль
Синоним на слово пайда
-
Ответ на вопрос
Ответ на вопрос дан
борз95005орлалпшрнлешпдпгшпгшеш ршелвднгшешешнгноооооо
олетпщклкшещнлещк
Не тот ответ на вопрос, который вам нужен?
Найди верный ответ
Самые новые вопросы
Математика — 3 года назад
Сколько здесь прямоугольников
История — 3 года назад
Какое управление было в древнейшем риме? как звали первого и последнего из царей рима?
Литература — 3 года назад
Уроки французского ответе на вопрос : расскажите о герое по следующему примерному плану: 1.почему мальчик оказался в райцентре ? 2.как он чувствовал себя на новом месте? 3.почему он не убежал в деревню? 4.какие отношения сложились у него с товарищами? 5.почему он ввязался в игру за деньги? 6.как характеризуют его отношения с учительницей ? ответе на эти вопросы пожалуйста ! сочините сочинение пожалуйста
Русский язык — 3 года назад
Помогите решить тест по русскому языку тест по русскому языку «местоимение. разряды местоимений» для 6 класса
1. укажите личное местоимение:
1) некто
2) вас
3) ни с кем
4) собой
2. укажите относительное местоимение:
1) кто-либо
2) некоторый
3) кто
4) нам
3. укажите вопросительное местоимение:
1) кем-нибудь
2) кем
3) себе
4) никакой
4. укажите определительное местоимение:
1) наш
2) который
3) некий
4) каждый
5. укажите возвратное местоимение:
1) свой
2) чей
3) сам
4) себя
6. найдите указательное местоимение:
1) твой
2) какой
3) тот
4) их
7. найдите притяжательное местоимение:
1) самый
2) моего
3) иной
4) ничей
8. укажите неопределённое местоимение:
1) весь
2) какой-нибудь
3) любой
4) этот
9. укажите вопросительное местоимение:
1) сколько
2) кое-что
3) она
4) нами
10. в каком варианте ответа выделенное слово является притяжательным местоимением?
1) увидел их
2) её нет дома
3) её тетрадь
4) их не спросили
Русский язык — 3 года назад
Переделай союзное предложение в предложение с бессоюзной связью.
1. океан с гулом ходил за стеной чёрными горами, и вьюга крепко свистала в отяжелевших снастях, а пароход весь дрожал.
2. множество темноватых тучек, с неясно обрисованными краями, расползались по бледно-голубому небу, а довольно крепкий ветер мчался сухой непрерывной струёй, не разгоняя зноя
3. поезд ушёл быстро, и его огни скоро исчезли, а через минуту уже не было слышно шума
Русский язык — 3 года назад
помогите прошу!перепиши предложения, расставляя недостающие знаки препинания. объясни, что соединяет союз и. если в предложении один союз и, то во втором выпадающем списке отметь «прочерк».пример:«я шёл пешком и,/поражённый прелестью природы/, часто останавливался».союз и соединяет однородные члены.ночь уже ложилась на горы (1) и туман сырой (2) и холодный начал бродить по ущельям.союз и соединяет:1) части сложного предложенияоднородные члены,2) однородные членычасти сложного предложения—.поэт — трубач зовущий войско в битву (1) и прежде всех идущий в битву сам (ю. янонис).союз и соединяет:1) части сложного предложенияоднородные члены,2)
Физика — 3 года назад
Вокруг прямого проводника с током (смотри рисунок) существует магнитное поле. определи направление линий этого магнитного поля в точках a и b.обрати внимание, что точки a и b находятся с разных сторон от проводника (точка a — снизу, а точка b — сверху). рисунок ниже выбери и отметь правильный ответ среди предложенных.1. в точке a — «от нас», в точке b — «к нам» 2. в точке a — «к нам», в точке b — «от нас» 3. в обеих точках «от нас»4. в обеих точках «к нам»контрольная работа по физике.прошу,не наугад важно
Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
Что ты хочешь узнать?
Задай вопрос
Все науки
Математика
Литература
Алгебра
Русский яз.
Геометрия
Английский яз.
Химия
Физика
Биология
История
Обществознание
Окружающий мир
География
Українська мова
Информатика
Українська література
Қазақ тiлi
Экономика
Музыка
Право
Беларуская мова
Французский яз.
Немецкий яз.
МХК
ОБЖ
Психология
Оʻzbek tili
Кыргыз тили
Астрономия
Физкультура и спорт
Другие предметы
- Сайт
- Главная страница
- Задать свой вопрос
- Кабинет
- Вход в личный кабинет
- Регистрация на сайте
Войти
У меня нет аккаунта на сайте, я хочу
зарегистрироваться
Регистрация
Никнейм
Пароль
Вы зашли на страницу вопроса Синоним на слово пайда?, который относится к
категории Қазақ тiлi. По уровню сложности вопрос соответствует учебной
программе для учащихся 5 — 9 классов. В этой же категории вы найдете ответ
и на другие, похожие вопросы по теме, найти который можно с помощью
автоматической системы «умный поиск». Интересную информацию можно найти в
комментариях-ответах пользователей, с которыми есть обратная связь для
обсуждения темы. Если предложенные варианты ответов не удовлетворяют,
создайте свой вариант запроса в верхней строке.
